Бишкек, 01.05.24. /Кабар/. Караколдо мал базары жабылат. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, Каракол шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында Валиханов көчөсү, 2/1 дарегинде жайгашкан мал базары 18-майдан баштап жабылат.
Белгиленгендей, мал базары Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн аймагына жылдырылат.
Пикир
Оставить комментарий