Бишкек, 20.12.21. /Кабар/. Караколдо турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарында жайгашкан турак үйдөн өрт чыгып, 50 чарчы метр чатыры күйгөн.
Өрттөн жабыркагандар жок. Өрт коопсуздук эрежелеринин сакталбагандыгынан келип чыккан.
Пикир
Оставить комментарий