• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Айдоочусу жатып алып, жүргүнчү башкарып бараткан унаа айып короосуна киргизилди — видео

Укук тартиби 0


Бишкек, 20.12.21. /Кабар/. Бишкекте 19-декабрда айдоочусу жатып алып, жүргүнчү башкарып бараткан унаа тууралуу видео социалдык тармактарда тараган.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, жарандардын көпчүлүгү айдоочуга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

“Милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иштерин жүргүзүп, айдоочуну аныктап, автоээнбаштык кылгандыгы үчүн Укук бузуулар тууралуу кодексинин 189-беренесинин негизинде тийиштүү протокол толтурулган”, - деп айтылат маалыматта.

Автоунаа убактылуу токтотуучу айып короосуна киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий