Бишкек, 29.11.21. /Кабар/. Кашка-Суудагы лыжа базасында асма жолдо адамдар калып калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Билдирүүгө ылайык, Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Кашка-Суу айылында жайгашкан “Кашка-Суу” лыжа базасынын киши ташуучу асма жолунун (канатка) кыймылдаткычы күйүп кетип токтоп, адамдар калып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине 13 куткаруучу тартылган. Бирок куткаруучулар жеткенге чейин “Кашка-Суу” лыжа базасынын администрациясы резевдик кыймылдаткычты кошуп, жарандарды өз күчтөрү менен түшүрөрүн билдиришкен.
Тартылган куткаруучулар туруктуу жайгашкан ордуларына кайтышкан.
Пикир
Оставить комментарий