• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Кыргызстанда бир жуманын ичинде 15 миңден ашуун жол эрежесин бузуу катталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.11.21. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында акыркы бир жуманын ичинде 15 миң 241 жол эрежесин бузуу катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- жогорку ылдамдыкта унаа башкаруу - 2 миң 75;
- тиешелүү документи жок унаа башкаргандыгы үчүн - 221;
- ТК эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу – 4 684;
- ТК каттоо тартибин бузгандыгы үчүн – 54;
- жасалма мамлекеттик номерлер үчүн – 6;
- мамлекеттик номери жок – 11;
- ТК айдоочусу ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 28;
- автоээнбаштык – 4;
- жөө жүрүүчүнүн жол эрежелерин бузгандыгы үчүн – 369;
- ТК түзүлүшүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү – 131;
- кооптуу жүкташуу эрежелерин бузуу – 2;
- жол белгилеринин талаптарын аткарбаганы үчүн – 6 632;
- айнектери караңгылатылган унааны башкаргандыгы үчүн - 71;
- мас абалында транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 281;
- унаа токтотуучу жайга токтотулду – 814.

Пикир

Оставить комментарий