Касмамбетов Аскер институтунун жаш офицерлеринин бүтүрүү салтанатына катышты

Коом 0

Бишкек, 24.06.23./Кабар/. Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 24-июнда Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант Калыйнур Усенбеков атындагы Куралдуу Күчтѳрдүн Аскер институтунун жаш офицерлеринин бүтүрүү салтанатына катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат кызатынан билдиришти.

Жаш офицерлерди жашоосундагы маанилүү учур менен куттуктоо үчүн Коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров, Куралдуу Күчтѳрдүн ардагерлери жана башкалар да келишти.

Бүтүрүүчүлѳр оркестр маршынын коштоосунда окуу жайдын күжүрмѳн туусунун чыгарылышын салтанаттуу тосуп алышты. 80 жакын бүтүрүүчүлөрдүн курсанттык погондору жаркыраган лейтенанттын жылдыздары менен алмаштырылды, аларга жогорку билими тууралуу дипломдор аскер жетекчилери тарабынан тапшырылды.

Чакырылган коноктор жаш лейтенанттарды аскер окуу жайын ийгиликтүү бүтүрүп жатышкандыктары менен куттуктап, офицердик корпустун мамлекеттин көз карандысыздыгын коргоодогу ролунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Жогорку аскердик окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнө салтанаттуу маанайда төш белгилер жана жогорку билими тууралуу дипломдор берилди.

Пикир

Оставить комментарий