• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Касымалиев Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 75 жылдыгына арналган конференцияга катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 18.09.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 75 жылдыгына арналган “Кытай: кечээ, бүгүн, эртең” аттуу илимий-практикалык конференцияга катышты.

Ал өз сөзүндө Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы бекем байланыштарды баса белгилеп, "Кытай цивилизациясынын 5 миң жылдык тарыхы улуу ачылыштарга жана адамзаттын өнүгүүсүнө кошкон салымдарына бай» деп белгиледи. Ал Коммунисттик партиянын жетекчилиги астында Кытай Эл Республикасы экономикалык жактан эбегейсиз зор секирик жасагандыгын жана дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн бирине айлангандыгын белгиледи.

Адылбек Касымалиев Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы экономикалык мамилелердин өнүгүү динамикасына токтолду. Ал белгилегендей, акыркы жылдары эки өлкөнүн кызматташтыгы кыйла кеңейип, соода, инвестиция жана инфраструктуралык долбоорлор сыяктуу тармактарды камтыйт. "Биз өз ара соода агымынын олуттуу өсүшүн жана биздин аймактын экономикалык өнүгүшүнө салым кошкон биргелешкен ири демилгелерди ишке ашырууну көрүп жатабыз", - деп кошумчалады ал.

"Кытай Эл Республикасынын негизделгенинин 75 жылдыгы Кытайдын тарыхындагы маанилүү окуя гана эмес, биздин өлкөлөр ортосундагы бекем жана достук мамилелердин символу», - деп баса белгиледи минкаб төрагасынын биринчи орун басары. Ал ошондой эле экономикалык кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү Кыргызстандын да, Кытайдын да туруктуулугуна жана гүлдөп-өнүгүшүнө салым кошоруна ишенимин билдирди.

Сөзүнүн аягында Адылбек Касымалиев чогулгандарды Кытайдын башкы улуттук майрамы менен куттуктап, достук маанайдагы элине тынчтык жана бакубатчылык каалады.

Пикир

Оставить комментарий