• 86.96
  • 91.03
  • 0.84

Казакстан журналисттер федерациясы кесиптештеринин куугунтукталышын айыптады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 05.03.19 /Кабар/. Казакстанда Тең укукттуу журналисттер федерациясы “Азаттыктын” казак кызматы менен “Настоящее Время” телеканалынын журналисттери Сания Тойкен жана Светлана Глушкованын куугунтукталышына тынчсызданууда.

Уюм бийликти журналисттерди куугунтуктоону токтотууга, кесиптик ишмердүүлүктөрүн эркин аткарууга шарт түзүүгө чакырды. Уюмдун билдирүүсүндө журналисттерге сот өкүмү саясий негизде чыкканы айтылат.

Авторлор Казакстандагы бардык журналисттерди биригүүгө, тилектештик көрсөтүп, кесиптештерин коргоого үндөдү. Билдирүү Эл аралык журналисттер федерациясына жөнөтүлдү.

11-мартта журналист Сания Тойкен Жаңы-Өзөндөгү жумушсуздардын нааразылык акциясын чагылдырып жүргөндө кармалган. 12-мартта Жаңы-Өзөндүн райондук соту Тойкенди "полицияга баш ийген эме" деген кине менен 50 миң теңге (120 доллар) айыпка жыккан.

22-мартта Светлана Глушкованы полиция кармап кетип, беш сааттан кийин коё берген. Ал казак борборунун атын өзгөртүүгө каршы акцияларды чагылдырып жүргөн. 31-мартта аны күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү аэропорттон кармап, төрт сааттан кийин гана сотко чакыруу кагазын тапшырышкан. Кийин ага айыппул салынган.

Эки журналист тең эл аралык сыйлыктардын ээси.

Пикир

Оставить комментарий