• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ипотекалык насыя берип жатканда элдин төлөө жөндөмдүүлүгүн эске алыш керек – Жээнбеков

Коом 0

Бишкек. 05.04.19 /Кабар/. Ипотекалык насыя берип жатканда өзгөчө айыл жеринде жашаган элдин төлөө жөндөмдүүлүгүн эске алыш керек. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Бактыбек Шамкеев кабыл алган учурда билдирди.

Анын пикиринде, ипотекалык компания капиталдаштыруунун деңгээлин 600 млн сомго чейин жеткирип, эконом-класстагы көп кабаттуу турак-жайды куруу программасын ишке ашыруу боюнча негизги иш-чараларды аныкташ керек.

«Арзан турак жай 2015-2020» социалдык программа болуп саналат. Насыя берип жатканда өзгөчө айыл жеринде жашаган элдин төлөө жөндөмдүүлүгүн эске алыш керек», — деп баса белгиледи Жээнбеков.

Бактыбек Шамкеев маалымдагандай, 2019-жылдын 1-апрелине карата 14 өнөктөш банктар аркылуу 4,6 млрд сомдон ашык 4080 насыя берилди. Натыйжада 16 миңге жакын жарандар турак-жай менен камсыз болушту. Бүгүнкү күндө пайыздык чен 7-9% чейин кыскартылган, 6 пайызга чейин төмөндөтүү боюнча иштер жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий