Бишкек, 24.01.18 /Кабар/. Казакстандын 5 аймагында -45 градуска чейин суук болот. Синоптиктер жакынкы жумаларга чилде суугун болжошууда. Казакстандын Түндүк, Борбордук жана Чыгыш аймактарында -45 градус болушу күтүлүүдө.
23нөн 26-январга чейин Астанада катуу суук болуп, түнкүсүн -40 жана күндүзү -32 градус болот.
Казгидромет адистери аба ырайынын кескин суукташын өлкөнүн дээрлик бардык аймагын каптай турган арктикалык циклон менен байланыштырышууда.
Булагы: www.khabar.kz
Пикир
Оставить комментарий