Казакстанда акыркы суткада 1 миң 844 адамдан коронавирус табылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 21.10.21. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 1 миң 844 адамдан табылды. Бул тууралуу “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 185, Алматы шаарында – 309, Шымкент шаарында – 52, Акмоло облусунда – 146, Актөбе облусунда - 43, Алматы облусунда - 48, Атырау облусунда - 48, Чыгыш-Казакстан облусунда – 119, Жамбыл облусунда – 31, Батыш-Казакстан облусунда – 61, Караганда облусунда - 150, Костанай облусунда -123, Кызылорда облусунда – 35, Мангистау облусунда - 14, Павлодар облусунда - 186, Түндүк-Казакстан облусунда - 151, Түркстан облусунда – 33 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 923 миң 60 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий