• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Түркстан мектебинде белгисиз заттан ууланган сегиз окуучу ооруканада

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 13.09.19. /Кабар/. Түркстан облусунун Леңгир шаарындагы №7 мектеп-лицейинде белгисиз заттан ууланып, ооруканага жеткирилген 8 окуучунун экөө жандандыруу бөлүмүндө. Бул тууралуу 13-сентябрда облустук билим берүү башкармалыгы билдирди.

Маалыматтарга караганда, 12-сентябрда 10-класстын окуучусу танапис маалында мектептин фойесине кичине баллон менен белгисиз зат чачып жиберген. Натыйжада 23 окуучу, 2 мугалим жана мектептин дагы бир кызматкери уулануу белгиси менен райондук ооруканага жеткирилген.

«Уулангандардын көбү алгачкы медициналык жардам алгандан кийин үйлөрүнө кайткан. 8 окуучу ооруканада, алардын экөө жандандыруу бөлүмүндө жатат», — деп айтылат башкармалыктын билдирүүсүндө.

Сегиз окуучунун ооруканада дарыланып жатканы тууралуу маалыматты шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы тастыктады. Бул окуяга байланыштуу мектепте текшерүү жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий