• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Казакстанда аткезчилик жана транс улуттук уюшкан топ түзгөн деп издөөдө жүргөн эки жаран кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 25.06.19. /Кабар/. Казакстанда аткезчилик жана транс улуттук уюшкан топ түзгөн деп издөөдө жүргөн казакстандык эки жаран Бишкекте кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Экономикалык кылмыштар үчүн издөөдө жүргөн ал эки жаран атайын операциянын жүрүшүндө кармалган.

Маалыматка ылайык, 2018-жылы бир нече жаран Кыргызстандан Казакстанга товарды аткезчилик жол менен ташыган уюшкан топ түзгөн. Ал топ товарларды мыйзамсыз аткезчилик жол менен ташыган.

Ошол эле жылы Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Тергөө департаменти экономикалык аткезчилик жана транс улуттук уюшкан топ, транс улуттук кылмыш уюмун түзүү жана жетектөө беренелери боюнча кылмыш ишин ачкан.

Соттун өкүмү менен бир катар адам аталган беренелер боюнча соттолгон. Бир нече Казакстандын жаранына карата кылмыш иши өзүнчө өндүрүшкө алынып, алар издөөгө алынган.

Кийинчерээк, издөөдө жүргөн жарандар Кыргызстандын аймагында жашырынып жүргөнү тууралуу маалымат келип түшкөн.

Изделип жаткан адамдардын жүргөн жерин аныктоо жана аларды издөө иштерине катышуу үчүн Кыргызстанга Казакстандын Ички иштер министрлигинин бир нече кызматкери келген.

Кечээ, Бишкек шаарынын кичи райондорунун биринен Казакстандын эки жараны – 29 жаштагы Е.Ж., жана 36 жаштагы А.А., аттуу жаран кармалган.

Ал жарандар Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайын киргизилген.

Чогултулган материалдар андан кийинки чечимди кабыл алуусу үчүн тийиштүү мамлекеттик органга жөнөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий