Бишкек, 13.03.20. /Кабар/. Казакстанда коронавирусту жуктурган үчүнчү учур катталды. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта өлкөнүн саламаттык сактоо министри Ержан Биртанов билдирди.
Билдирүүгө ылайык, Италиянын Милан шаарынан учуп келген адамдын анализинде коронавирус аныкталган. Ал айым 12-мартта Нур-Султан калаасына келген.
Эскерте кетсек, буга чейин Казакстанда Германиядан учуп келген эки адам аталган илдетти жуктуруп алганы тастыкталган.
Пикир
Оставить комментарий