• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Тажикстанда олигарх Жамшед Абдуловго козголгон кылмыш иши токтотулду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 20.04.18 /Кабар/. «Олими Каримзод» компаниясынын жетекчиси жана «Олим Текстайлз» текстиль фабрикасынын ээси Жамшед Абдуловго каршы козголгон кылмыш иши токтотулду.

«Тожпромбанктагы» булактар кабарлашкандай, кылмыш ишин токтотуу чечими Жамшед Абдулов каржы мекемесинин алдындагы $14 млн. карызын төлөп бергенден кийин кабыл алынды.

Анын айтымында, тажик олигархы «Тожпромбанкка» Матчин районундагы мейманканасын жана Канибадам шаарындагы эки ишканасын берген.

Жамшед Абдулов былтыр ноябрда тажик вице-премьери Давлатали Саид «Тожпромбанктын» кардарлары менен жолуккандан кийин кармалган. Алар Абдулов баш болгон бир нече олигарх банктан алган насыяларын төлөбөй, буга байланыштуу өз акчаларын ала албай жатышканын айтып даттанышкан.

Олигарх 40 күн камакта болуп, карызын кайтарып берүү боюнча банк менен макулдашкандан кийин эркиндикке чыккан. Мурдараак булактар Абдулов камакта жаткан маалда «Тожпромбанктан» тышкары, «Точиксодиротбанктан» алган насыясын дагы төлөп бергенин кабарлаган.

Жамшед Абдулов Матчин районунун Такели кыштагында жайгашкан «Олим-Текстайлз» жабык акционердик коомуна ээлик кылат.

Пикир

Оставить комментарий