• 86.2
  • 91.64
  • 0.89

Казакстанда курал-жарак саткан кылмыштуу топ колго түштү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 25.07.19. /Кабар/. Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети (УКК) Алматы, Чымкент жана Кызылордо шаарларында мыйзамсыз курал-жарак сатуу менен алектенген кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалганын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, алар Алматы жана Чымкент шаарларындагы атайын операциялар маалында кармалган.

«Айрымдары деструктивдик багыттагы диний агымдардын жактоочулары болуп эсептелишет жана кылмыштуу топтор менен байланыштары бар», — деп жазылган УККнын билдирүүсүндө.

Бирок анда жалпысынан канча адам кармалгандыгы жана алардын курал-жаракты кайсыл өлкөдөн алып келип турганы боюнча маалыматтар көрсөтүлгөн эмес.

Пикир

Оставить комментарий