• 87.45
  • 89.73
  • 0.86

Казакстандын калкынын саны өсүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 06.12.24. /Акназик Тургунбаева-Кабар/. 2024-жылдын 1-ноябрына карата Казакстандын калкы жыл башынан бери 210 139 адамга көбөйүп, 20 млн 243 миң 981 адамды түздү. Бул тууралуу “Казинформ” маалымат агенттиги жазды.

Казакстандын Улуттук статистика бюросунун маалыматы боюнча, анын ичинен:

  • шаар тургундары - 12 млн 727 миң 404;
  • айыл тургундары - 7 млн 516 миң 577 адам.

Ошондой эле статистикалык маалыматта калктын көпчүлүк бөлүгүн аялдар түзө тургандыгы айтылат: Атап айтканда:

  • аялдар - 10 млн 353 миң 239;
  • эркектер - 9 млн 890 миң 742.

10 айда өлкөдө 309 миң 310 бала төрөлүп, каза болгондордун саны 110 миң 867ни түздү. Калктын табигый өсүшү 198 миң 443 адамга жетти.

Пикир

Оставить комментарий