Бишкек, 13.06.19. /Кабар/. Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 13-июнда, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылар Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди.
«Манас» эл аралык аэропортунан Казакстандын президентин Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.
Пикир
Оставить комментарий