• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Эски муундагы айрым саясатчылар саясый аренадан кетет - саясат таануучу

Саясат 0

Бишкек, 17-февраль /Кабар/. Эски муундагы саясатчылардын саясый аренадан кетүү тенденциясы байкалып калды. Мындай пикирин саясат таануучу Марат Казакпаев Президенттин жыл аягында кызматынан кетип жатып өзү менен кошо эски муундагы бир топ ич күйдү саясатчыларды ала кетерин айтканы боюнча “Кабар” агенттигине комментарий берип жатып билдирди.

“Президент мындан мурда да декабрдагы маалымат жыйынында бул тууралуу айткан. Принцибинде мындай тенденция байкалып турат. Эски муундагы айрым саясатчылар саясый аренадан кетет”,- деди М. Казакпаев.

Ошону менен бирге саясат таануучу айрым эски муундагы саясатчылар саясый аренадан кетүүнү каалашпаганы менен алар элден колдоо ала алышпасын белгиледи.

“Эски муундагы саясатчылар саясый элитаны жаңылоо процесси зарыл экендигин түшүнгүлөрү келбей жатышат. Алар лидерликти бергилери келбей жатышат”,-деди М.Казакпаев.

Анын айтымында, мамлекетти өнүктүрүү үчүн саясый элитаны жаңылоо зарыл, анткени эски муундагы саясатчылар чыр-чатакка малынып алышты жана өздөрүнүн гана кызыкчылыктарын ойлошууда.

Пикир

Оставить комментарий