КР президенти Түркия Улуттук Парламентинин төрагасы менен жолугушту

Саясат 0

Анкара, 10.04.18. /Кабар/. КР президенти Сооронбай Жээнбеков Түркия Улуттук Парламентинин төрагасы Исмаил Кахраман менен жолугушту. Жолугушу бүгүн, 10-апрелде мамлекет башчынын Анкарага болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында өткөрүлдү.

Төрага Сооронбай Жээнбековду жылуу кабыл алды.

“Түркия Кыргызстан менен болгон кызматташууну мындан ары да өркүндөтүүгө даяр. Өлкөлөр ортосундагы кызматташуунун тереңдешине парламенттер аралык алака чоң таасир берет. Жакынкы аралыкта биз Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастан Жумабековду расмий сапары менен Түркияда күтөбүз”,-деп билдирди Исмаил Кахраман.

Билим берүү жаатында кеп кылып жатып, Түркия парламентинин төрагасы өз кезегинде алар кыргызстандык студенттер үчүн стипендия берүүнү улантышаарын айтып өттү.

Ошондой эле Исмаил Кахраман Анкарада улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун бюсту ачылгандыгын билдирди . Бүгүн мамлекет башчысы Ч. Айтматовдун бюстуна гүл коюп, бир мүнөт үн катпай улуу жазуучуну эскерди.

“Чыңгыз Айтматовду Түркияда жакшы көрүшөт жана окушат, анын чыгармалары жалпы түрк дүйнөсүнүн мурасы болуп саналат”,-деп билдирди төрага.

Жээнбеков ага кыргыз делегаттарын жылуу кабыл алгандыгы жана меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий