• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Казакстандын президенти кыргыз элине көчмөндөр оюндарын кайра жандандырганы үчүн ыраазычылык билдирди

Спорт 0

Бишкек, 08.09.2024 /Кабар/. Астанада өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев көчмөндөр оюндарын кайра жандандырганы үчүн кыргыз элине ыраазычылык билдирди.

"10 жыл мурун бул оюндарды биринчи жолу кыргыз бир туугандар уюштурган, бул үчүн аларга терең ыраазычылык билдирем", - деди Токаев.

Казакстандын президенти көчмөндөрдүн дүйнөлүк цивилизациянын өнүгүшүнө кошкон салымын жана маданиятты сактап, келечек муундарга өткөрүп берүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Анын айтымында, көчмөндөр оюндарына көбүнчө көчмөндөр цивилизациясынын мураскерлери жашаган өлкөлөр катышат. V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Астанага дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн, анын ичинде элдери көчмөн болбогон мамлекеттерден командалар келишти.

Белгилей кетсек, ДКОнун ачылыш аземинде катышуучу өлкөлөрдүн командалары аренадан салтанаттуу марш менен өтүштү. Параддан биринчи болуп жаратуучу өлкө катары Кыргызстандын курама командасы өттү. Маалым болгондой, оюндар 2014-жылдан тарта үзгүлтүксүз өткөрүлө баштаган. Оюндар биринчи жолу Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөн.

Параддын жүрүшүндө Кыргызстандын желегин спортчу Бактияр Мирлан уулу көтөрүп чыкты. Ага Кыргызстандан 181 спортчу спорттун 18 түрү боюнча (казак күрөшү, татар күрөшү, кураш, тогуз коргоол, мангала, чөйчөк, көк бөрү, көкпар, ат чабыш, бел боо күрөш, аркан тартыш жана башкалар.) катышат.

Андан кийин масштабдуу шоу болуп, ага Казакстандын 3 миңге жакын артисттери жана алдыңкы чыгармачыл топтору катышты.

Оюндарга 89 өлкөнүн делегациялары катышарын ырасташкан. 97 комплект медаль үчүн 2,5 миңден ашык спортчу күч сынашат.

Ачылыш аземине катышуу үчүн Астанага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Татарстандын башчысы Рустам Минниханов, Түркмөнстандын Элдик Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов жана Саха (Якутия) Республикасынын башчысы Айсен Николаев келди.

Пикир

Оставить комментарий