• 87
  • 90.41
  • 0.84

Казакстандын түндүгүндө жүздөн ашык адам уулануунун белгилери менен ооруканага кайрылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 03.06.21. /Кабар/.Түндүк Казакстан облусунун Кызылжар районунда соңку 4-5 күндө жүздөн ашык адам жүрөгү айланып, ичи өткөнүн айтып дарыгерлерге кайрылган.

Алардын баары дээрлик Кызылжардан болжол менен 12 чакырым жердеги Бескөл айлында турушат. Тургундар оорунун себебин ичүүчү суудан көрүшүүдө.

"Уулум азыр ооруканада жатат. 28-май күнү оорусу башталган, дене табы көтөрүлүп, диарея белгилери байкалган. Кечке жуук кичүү балам да ооруп, аны ооруканага алып кетишти. Оорунун себеби суу эмес деп айтышууда, бирок биз суудан го деп ойлоп жатабыз. Өзүм ооруган жокмун, себеби чийки суу ичкен эмесмин", – деген Бескөл айлынын тургуну Оксана Деликова.

Кызылжар райондук ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Жанар Каппаркызынын айтымында, 28-майдан 3-июнга чейин оорунун да ушундай белгилери менен 139 киши кайрылган. Ушул тапта 11 бала облустук инфекциялык ооруканада, үч чоң киши шаардык ооруканада дарыланууда, алардын абалы орточо.

"Алдын ала коюлган диагноз –энтеровирус инфекциясы. Бардык материалдар чогултулуп, бактериологиялык лабораторияга жөнөтүлдү. Жыйынтыгы белгисиз. Ошондуктан биз ооруга эмне себеп болгонун айта албайбыз", - деди Жанар Каппаркызы.

Март айында Чыгыш Казакстан облусунда 70тен ашык окуучунун ичи ооруп, кусуп, дене табы көтөрүлүп, диарея белгилери байкалган. Мектеп карантиге жабылган.

Пикир

Оставить комментарий