• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Маалыматтык саясат концепциясында сөз эркиндиги камтылышы керек — президенттин басма сөз катчысы

Коом 0

Бишкек, 03.06.21. /Кабар/. Бүгүн, 3-июнда Бишкекте КРнын маалыматтык саясат концепциясынын долбоорун талкуулоо жүрүп жатат. Иш-чаранын жүрүшүндө жакынкы жылдарга карата өлкөнүн маалыматтык саясат концепциясынын долбоору талкууланып, медианын өкүлдөрү катышууда. Ал бирдиктүү иштердин эң эле маанилүү учурларын өзүнө камтыйт. Заманбап тенденцияларды эске алуу менен мамлекеттик органдардын жана медиа коомдун ишине жаңы мамилелерди иштеп чыгуу зарыл. Аталган концепция дал ушул максаттарга багытталган.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаевдин айтымында, жаңы концепцияда сөз эркиндиги камтылышы керек, анткени ал жакында кабыл алынган Конституцияда да каралган.

“Аталган концепциянын үстүнөн ар тармактагы эксперттер иштешти”, - дейт ал.

Султанбаев бийлик ЖМКга жакын болуп, өзүнүн тиешелүү маалыматтары менен бөлүшүп турарын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий