• 87.45
  • 90.89
  • 0.89

Казакстандын Түркиядагы ардактуу консулу жол кырсыгынан каза болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 29.04.21. /Кабар/. Казакстандын Түркиядагы ардактуу консулу Халил Улуер аялы менен бирге Стамбулга жакын жерде жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу Казакстандын Түркиядагы элчилиги кабарлады.

Түрк медиасынын билдиришинче, окуя 27-апрелде Стамбулга жакын шосседе болгон. Элчи менен аялы жана дагы эки киши отурган автоунаа жолдон чыгып кетип, оодарылып калган. Үч адам окуя болгон жерде, дагы бирөө ооруканада көз жумган.

Казакстан элчилиги тараткан билдирүүдө Улуер Казакстанга инвестиция тартуу боюнча сүйлөшүүлөргө катышкан. Анын жардамы менен казактын белгилүү адамдарынын ысымы Түркиядагы бир нече саябандарга, көчөлөргө жана парктарга берилген. Ал жетектеген Uluer Group компаниясына таандык бир нече фирма туризм, медицина жана коргонуу тармагында кызмат көрсөтөт.

Казакстандын Түркиядагы элчиси Абзал Сапарбекулы “Фейсбуктагы” баракчасына Улуер пандемия маалында алгачкылардан болуп Казакстанга гуманитардык жардам жөнөткөнүн белгилеп жазды.

52 жаштагы Улуер Невшехир провинциясында 2009-жылдан бери Казакстандын Түркиядагы ардактуу консулу болгон.

Пикир

Оставить комментарий