• 87
  • 89.63
  • 0.85

"Келечекке салым" балдар депозитинин каражатын пайдалануу боюнча багыттардын тизмеси бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 11.01.25. /Кабар/. "Келечекке салым" мамлекеттик балдар депозитинин каражаттарын пайдалануу үчүн ден соолукту чыңдоо, турак жай шарттарын жакшыртуу жана билим алуу боюнча багыттардын тизмеси бекитилди.

Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Бул токтом мамлекеттик балдар депозитинин каражаттарын эффективдүү пайдалануу системасын түзүү максатында иштелип чыккан. Депозиттин каражаттарын пайдалануу үчүн максаттуу багыттарды киргизүү жетим балдарды социалдык жактан коргоону жана колдоону камсыздайт, алардын ден соолук чыңдоо, турак-жай шарттары жана билим алуу боюнча турмуштук муктаждыктарын канааттандырууга мүмкүнчүлүк берет.

Пикир

Оставить комментарий