• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Кемелова Ага Хан өнүктүрүү уюмунун жана Азия өнүктүрүү банкынын жетекчилери менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 06.12.24. /Кабар/. Кыргызстандын тоолуу региондорун колдоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле “Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча кызматташтыктын беш жылдыгын (2023–2027-жылдары) ишке ашыруу боюнча президенттин атайын өкүлү Динара Кемелова Ага Хан өнүктүрүү уюмунун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн башчысы Баркат Али Фазал, Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Чжэн Ву жетектеген делегация менен жолукту.

Президенттин администрациясынан билдиришкендей, анда эл аралык тоо күн тартибинин жана тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча беш жылдыктын алкагында Кыргызстан менен учурдагы жана келечектеги кызматташтыгы талкууланды.

Президенттин атайын өкүлү Динара Кемелова климаттын өзгөрүшүнө, табигый кырсыктарга, ошондой эле инфраструктурага, электр энергиясына, сууга жана канализацияга жеткиликтүүлүгү чектелген алыскы тоолуу райондордун жашоочуларынын көйгөйлөрүнө токтолду.

Ал тоолуу аймактардын тургундарын альтернативдик энергия булактары менен камсыз кылуу боюнча долбоорлорду илгерилетүү, тоо туризмин жана тоо продуктуларын өнүктүрүүгө көмөктөшүү аркылуу тоолуктар үчүн киреше булактарын түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде Ага Хандын өкүлчүлүгү инфраструктураны жакшыртууга жана тоолуу калктын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендигин билдирди. Бул уюм бир гана Нарын облусуна эмес, өлкөнүн башка аймактарына да өзгөчө көңүл бурууну пландаштырып жатат.

АӨБ кеңсеси Кыргызстандагы климаттык долбоорлорду, анын ичинде альтернативдик энергетика, суу менен камсыздоо, ошондой эле жеке инвестицияларды колдоого кызыкдар экенин билдирди. Банк алыскы тоолуу райондордун жашоочуларынын туруктуулугун жана жашоо сапатын жогорулатуу, фермерлерди колдоо жана тоо экосистемаларын коргоо, анын ичинде мөңгүлөрдү сактоо демилгелерин каржылоо мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү убада кылды.

Тараптар тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттердин алкагында кызматташууну ошондой эле тоолуу аймактардын жашоочуларынын социалдык-экологиялык шарттарын жакшыртуу жана Кыргызстандын жана Борбор Азиянын тоолуу экосистемаларын коргоо боюнча келечектеги башка долбоорлор боюнча кызматташууну макулдашты.

Аталган жолугушууларга Кыргызстандын министрлер кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борборунун директору Адилет Амантаев да катышты.

Пикир

Оставить комментарий