Кемин районуна 80 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясын куруу пландалууда

Коом 0


Бишкек, 30.05.24. /Кабар/. Кемин районунун аймагына күн электр станциясын куруу боюнча боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, меморундумга президенттин Чүй облусундагы өкүлү Канат Жумагазиев, энергетика министринин орун басары Назгүл Усенова жана "Этернал Энергия" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Ма Вэнцзюнь кол коюшту.

Меморандумдун максаты Кемин районунда 80 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясын курууга багытталган инвестициялык долбоорду биргелешип ишке ашыруу болуп саналат.

Меморандумдун алкагында кызматташууну координациялоо үчүн тараптар өз өкүлдөрүнүн жана кызыкдар уюмдардын катышуусу менен биргелешкен жумушчу топ түзүшөт.

Маалымат үчүн: "Этернал Энергия" жоопкерчилиги чектелген коому дүйнөдөгү 500 алдыңкы компаниялардын ичинен 432-орунда турат. 2015-жылдын октябрында негизделген, энергетикалык пландаштыруу, изилдөө жана долбоорлоо, генералдык инженердик контракт, инвестициялык интеграция, курулуш жана эксплуатациялоо жана инженердик тармактарда ар тараптуу өнүккөн техникалык артыкчылыктарга ээ, алар энергетикалык пландаштыруу, фотоэлектр энергиясы, шамал энергиясы, гидроэлектроэнергия жана электр станциялары энергияны сактоо.

Пикир

Оставить комментарий