Кемин районунда уурулукка шектелген жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.02.22. /Кабар/. Кемин районунда уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кемин РИИБине 1959-жылы туулган М.С. аттуу жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган, анда ал белгисиз жагдайда телефонун уурдатып алганын билдирип, белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранган.

Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинде (Уурдоо) каралган кылмыштын негизинде Кемин районунун ИИБне катталган.

«Ууру» аталышындагы рейддин жүрүшүндө Чүй ОИИББнин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын жана Кемин РИИБнин кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмышка шектелип, 1996-жылы туулган К.К. аттуу жаран кармалып, РИИБге жеткирилген.

Учурда милиция кызматкерлери жогорудагы адамдын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугун текшерүүдө.

Тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий