• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кендирбаева "Учкунда" окуу китептерин басып чыгаруу иштери менен таанышты

Билим 0

Бишкек, 04.10.23./Кабар/. Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Догдуркүл Кендирбаева окуу китептерине тийиштүү абалды жеринде иликтөө үчүн "Учкун" ачык акционердик коомуна барып, анын жетекчилиги жана кызматкерлери менен жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, Догдуркүл Кендирбаева окуу китептерин басып чыгаруу ишин тездетүү жана иш процессине тоскоолдук келтирген маселелерди карап чыгуу зарылдыгын белгиледи, тараптар кыска мөөнөттө аларды биргеликте чечүүнү макулдашты.

Белгилесек, КР президентинин "Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын даярдоо маселелери жөнүндө" жарлыгына ылайык, окуу китептерин "Учкун" ачык акционердик коому басып чыгарат.

Пикир

Оставить комментарий