• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Эртеңден тарта "Кентавр" тасмасы кайрадан чоң экранда көрсөтүлөт

Маданият 0

Бишкек, 27.02.19. /Кабар/. Эртең, 28-февралдан тарта кыргыз режиссеру Актан Арым Кубаттын "Кентавр" тасмасы кайрадан чоң экранда көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фонду билдирди.

Тасма бир гана "Ала-Тоо" кинотеатрында көрсөтүлөт.

Тасманын сценарийи режиссер Актан Арым Кубат жана Эрнест Абдыжапаровго таандык.

"Кентавр" - бул Кудайды издөө жана элинин каада-салтын сактоо үчүн айыгыша күрөшкөн адам тууралуу тасма. Бул ат адамдын канатына айланган адам менен аттын ортосундагы метафизикалык байланыш жөнүндө сага.

Пикир

Оставить комментарий