• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Кепилдик фонду ISO 9001 эл аралык стандартына ылайык сертификациядан өттү

Экономика 0

Бишкек, 03.10.24. /Кабар/. Кепилдик фонду ISO 9001 эл аралык стандартына ылайык сертификациядан өттү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында "Кепилдик фонд" ААК башкармалыгынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров билдирди.

Анын айтымында, фонд – СБТны өз күчү менен ишке киргизген жана ISO 9001 эл аралык стандартына ылайык сертификациядан өткөн Кыргызстандагы биринчи финансылык уюм болуп калды.

"Биз үчүн ISO 9001 стандарты боюнча СБТны киргизүү – бул көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртуу жагына стратегиялык маанилүү кадам болуп саналат. Бул стандартты киргизүү менен биз уюмубуздун макулдашылган ишин камсыз кылууга, өтүп жаткан процесстердин ачык-айкындуулугун камсыз кылууга умтулабыз. Мындан тышкары, биздин эл аралык өнөктөштөр үчүн сапаттын жана ишенимдүүлүктүн кепилдиги болуп эсептелет", - деди ал.

Маалымат үчүн: ISO 9001 сертификатын алуу – сертификаттоо жол-жобосунун акыркы этабы. Сертификат эл аралык деңгээлде кардарлар, инвесторлор тарабынан көптөгөн суроолорду жана текшерүүлөрдү болтурбоого мүмкүндүк берет.

ISO 9001 стандарты биринчи жолу 1987-жылы Женевада иштелип чыккан жана кабыл алынган. Кытай, Япония, Финляндия, Италия жана Дания ишканаларды сертификациялоо боюнча лидер өлкөлөр болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий