• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кербен мэриясы мамлекетке дээрлик 4 млн сом зыян келтирген

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.03.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Аксы райондук прокуратурасы тарабынан Кербен шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлери мамлекетке жалпы 3 млн 892 миң 621 сомдук зыян келтиргендиги аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кербен шаардык мэриясынын кызмат адамдары тарабынан 2015-жылдан баштап 2022-жылдын 1-февралына чейин Кербен шаардык мэриясынын кызматкерлери үчүн негизги белгиленген айлык маянага кошумча үстөк эмгек акысы мыйзамсыз бекитилип берилип, анын жыйынтыгы менен мамлекетке жалпысынан 3 млн 892 миң 621 (үч миллион сегиз жүз миң токсон эки миң алты жүз жыйырмы бир) сом зыян келтиришкен.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий