• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Баткен облусунда “Техникалык абал” аталышындагы рейд өттү

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.03.21. /Кабар/. Баткен облусунун аймагында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери 2021-жылдын 19-мартынан 21-мартына чейинки аралыкта жол коопсуздугун алдын алуу багытында “Техникалык абал” аталышындагы рейд өткөрүштү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө:

Мас абалда унаа башкаргандар – 8;

Автоунаанын техникалык абалы оң эмес абалда башкаргандар - 4,

Мамлекеттик белгиси жок унаа башкаргандар -1;

Ылдамдыкты ашырып айдагандар -62;

Терезелерин караңгылатып айдоо -1;

Жол белгисине баш ийбеген – 52 айдоочу аныкталды.

Иш-чаранын жүрүшүндө жалпысынан 315 айдоочуга жол эрежесин бузгандыгы боюнча КР Бузуулар кодексинин негизинде протоколдор толтурулду.

Пикир

Оставить комментарий