• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Кербенде саркынды сууларды тазалоочу курулманын пайдубалына капсула салынды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 15.11.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Аксы районундагы иш сапарынын алкагында Кербен шаарындагы саркынды сууларды тазалоочу курулманын пайдубалына капсула салуу аземине катышты.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Кербен шаар болуп негизделгенине 20 жыл болгонуна карабастан, калаанын саркынды сууларын тазалоочу жайы болгон эмес. Бул жергиликтүү элдин саламаттыгына коркунуч туудуруп, тургундар аталган маселени чечүү талабын коюп келишкен. Натыйжада Живпром участкасынын жайыт жеринен 1 гектардан ашуун жер бөлүнүп, республикалык бюджеттен саркынды сууларды тазалоочу курулманы куруу үчүн 200 млн сом каралган.

Курулушка капсула салуу аземинде төрага өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларга токтолуп: “Туура жүргүзүлгөн экономикалык саясаттын негизинде казынабыз үч эсе өсүп, дөңгөлөк чыгара албаган өлкөдөн унаа курап чыгарган кубаттуу мамлекетке айландык. Натыйжада мамлекеттик бюджеттин эсебинен ири долбоорлор ишке ашырылып, өлкө аймагында көптөгөн социалдык мекемелер салынып, ирригациялык жана инфраструктуралык курулуштар жүргүзүлүүдө”, – деди.

Ошондой эле ал Кербен шаарынын тургундарынын негизги көйгөйлөрүнүн бири болуп келген саркынды сууларды тазалоочу курулманы курууга бөлүнгөн каражатты туура пайдаланып, долбоорду тездетип бүткөрүү маселесин көтөрдү.

“Курулманын планы калктын санынын өсүшүнө ылайыктап заманбап долбоорлонгон. Андыктан, тез арада сапаттуу бүткөрүлсө Кербен шаарында ипотекага берилүүчү көп кабаттуу турак жайлардын да курулушу башталат”, – деп кошумчалады Шакиев.

Пикир

Оставить комментарий