• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Алтынбек Сулаймановдун ордуна Эмил Жамгырчиев депутат болду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 26.02.22. /Кабар/. БШК “Альянс” парламенттик фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулаймановдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Сулаймановдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотулганына анын президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп дайындалышы себеп болду.

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулаймановдун күбөлүгү жараксыз деп табылды.

Сулаймановдун ордуна Эмил Жамгырчиев Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталып, ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги ыйгарылды.

Буга чейин ал Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (Финансы полициясы) төрагасынын орун басары болуп иштеген.

Пикир

Оставить комментарий