Бишкек, 16.01.25. /Кабар/. "Керемет Банк" Американын санкцияларына байланыштуу расмий билдирүү жасады.
Банктан билдиришкендей, «Керемет Банк» ААК Кыргыз Республикасындагы алдыңкы банктардын бири, улуттук экономиканын өнүгүшүнө жигердүү колдоо көрсөткөн ишенимдүү жана натыйжалуу өнөктөш. Өлкөнүн каржылык туруктуулугун камсыз кылууда ролу менен сыймыктанат жана кардарларына жана өнөктөштөрүнө сапаттуу кызмат көрсөтүү боюнча милдеттенмелерин берилүү менен аткарат.
Белгиленгендей, банк OFAC менен байланышып, Чет элдик активдерди көзөмөлдөө боюнча кеңсенин (OFAC) биздин банк тарабынан мыйзам бузуулар боюнча арызына даттануу жасайт.
«Керемет Банк» ААКсы ачык-айкындуулук, ишенимдүүлүк жана жоопкерчилик принциптерине чексиз берилгендик менен кардарлардын жана өнөктөштөрдүн алдындагы өз милдеттерин аткарып, кадимки режимде ишин улантууда.
Жогорудагы окуялар банктын ишине таасирин тийгизбейт жана банк аманатчылардын алдындагы өз милдеттенмелерин толук аткарууну улантат. Бардык филиалдар график боюнча иштеп, оперативдүү иш-чаралар толук көлөмдө жүргүзүлүүдө. Биз диалогго ачыкпыз жана жөнгө салуучу органдар, анын ичинде эл аралык аудиторлор менен кызматташууга даярбыз жана жаңы маалыматтар пайда болгондо банктын өнөктөштөрүн жана кардарларын кошумча кабарлайбыз», — деп айтылат билдирүүдө.
Эске сала кетсек, 15-январда АКШнын Казына министрлиги Россияга каршы жаңы санкциялар пакетинин алкагында "Керемет" банкына каршы санкцияларды киргизгенин жарыялаган.
Пикир
Оставить комментарий