• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

“Китеп кербени” Кыргызстандын лицейлерине сапарга чыкты

Билим 0

Бишкек, 10.02.22. /Кабар/. 2022-жылдын 9-февралында билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Калысбек Шадыханов Б. Шаршенбаев атындагы №43 кесиптик лицейде өткөрүлгөн "Китеп кербенинин" ачылышына катышты. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ал иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө заманбап гаджеттер аркылуу болсо да китеп окуунун зарылдыгын белгилеген.

“Китеп кербени” Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык илимий-методикалык борбор тарабынан уюштурулууда.

Борбордун директору Акпаралы Карабаев "Китеп окуган жаштар" акциясынын алкагында лицейдин студенттери окуган китептерин талкуулашарын, ал эми окутуучулар китеп окуунун пайдасы, адабияттын инсандык өсүш үчүн да, кесиптик ийгилик үчүн да мааниси тууралуу класстык сааттарды өтүшөрүн айтып берди.

Карабаев белгилеп кеткендей, эки аптадан кийин №43 кесиптик лицей китептерди Шопоков шаарындагы лицейге өткөрүп берет, андан ары китептер Кыргызстандын башка аймактарындагы окуу жайларга жөнөтүлөт.

К. Шадыханов менен А. Карабаев студенттер үчүн "Китеп кербенинин" куржунуна китептерди салышты.

№43 кесиптик лицейдин директору Бактыгүл Жусупова акция башталар алдында жаштарды сурамжылашканын айтып өттү. Анын айтымында, студенттер ызы-чуудан алыстоо, кунт коюп окуу үчүн кагаз вариантындагы китептерди артык көрүшөт.

«Китеп кербенин» Ош облусунда да баштоо пландалууда.

А. Карабаев "Китеп кербени" кайтып келгенден кийин китептердин абалын карап, жаштарга кайсы адабият кызыктуу болуп, эң көп суроо-талап менен колдонулганына баа берилет деген сырын бөлүштү.

Пикир

Оставить комментарий