Быйылкы жылы Кыргызстанда бизнес тармагына кассалык-контролук машиналарды жайылтуу активдүү жүргүзүлүүдө. Бул көрүнүш бизнестин жана ишкердиктин бардык тармактарына теесир этти. Бул процесс жаңыдан башталганына карабай учурда белгилүү бир жетишкендиктерди бөлүп көрсөтүүгө болот. Мисалы, үстүбүздөгү жылдын биринчи айында 7,8 миң субъект ККМга өтсө, мартта бул эсеп 17 миңге чейин жеткен. Азыркы учурда 47 миңден ашык субъект колдонууда.
Аталган долбоорду ишке ашыруу президент Садыр Жапаров жыл башында жаңы Салык кодексине кол койгондон кийин башталган. Анда экономикалык ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн жайларды, анын ичинде базарлардагы (кичи базарлардагы) жана соода борборлорундагы жана үйлөрдөгү соода жайларын ижарага берүүчү субъект ижара келишиминде ижарачынын кассалык аппараты болушу керек деген талапты белгилөөгө, ККМ колдонууга милдеттүү жана аны аткарбоо келишимди бир тараптуу бузууга алып келет деген норма белгиленген.
Бул жөн гана жаңычылдык эмес, мезгилдин талабы экенин түшүнүү керек, анткени бул ишкердин ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындуулугун арттырып, коррупциялык тобокелдиктерди азайтат жана бюджетти кошумча толтурууга жардам берет. Муну менен катар бул жаңычылдык республикада санариптик өнүктүрүү концепциясына туура келет. Бул ишдүүлүктүн натыйжасын учурдагы этапта эле байкоого болот. 5 айда Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик бюджетке 60,8 млрд сом салык жана төлөмдөрдү жыйнаганы белгиленет. План 1,2 млрд сомго ашыгы менен аткарылган жана бул 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар 22,4 млрд сомго көп жыйналганын билдирет.
Мындан тышкары, аталган жаңычылдык жыл башынан бери бир нече ирет кайра каралып, толукталган. Мисалы, алгач ККМ башка жайлар менен катар өлкөнүн базарларында да колдонулары айтылган. Бирок май айында Экономика министрлиги базар кызматкерлери үчүн бул жаңычылдыкты жокко чыгаруу маселесин карай баштаган.
“Биз базарлардын өкүлдөрү менен жолугуп, жумушчу тобун түзгөнбүз жана азыркы учурда өзүнүн ишинин алкагында өзүнчө атайын салык салуу маселесин карап жатат. Аталган жумушту топтун ишинин жыйынтыгы боюнча маалымат берилет, бирок өзүнчө атайын салык режимин иштеп чыгууда базарда ККМди колдонбоо маселеси да каралат. Бирок бул азырынча чечиле элек жана макулдашуудан кийин маалымат берилет”, - деди Экономика жана коммерция министринин салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Ысабеков.
Муну менен катар кечээ борбор калаада чакан бизнестин өкүлдөрү ККМге каршы митингге чыгышты. Бийлик элдер менен сүйлөшүүгө барууга жана мүмкүн болгон түзөтүүлөргө даяр экенин ачык билдирди. Ошентип, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров чогулгандар менен жолугушууда базарларды жана ишкерлердин талаптарын тыкыр иликтеп чыгуу үчүн бирдиктүү жумушчу топ түзүүнүн зарылдыгын билдирди.
“Урматтуу ишкерлер, мен сиздердин бардык талабыңыздарды уктум. Биз сүйлөшүүлөргө жана кызматташууга даярбыз. Ошон үчүн бийликке келдик. Азыр мен бирдиктүү жумушчу топ түзүү үчүн митингге чыккандардын арасынан 10 адамды берүүнү суранам. Баарын чогуу карап чыгабыз. Азырынча мен ККМдин иштешине жана ага байланыштуу айып пулдарга мораторий киргизем”, - деди ал.
Андан ары Акылбек Жапаров министрлер кабинети чакан ишкердик үчүн салыктардын патент тутумун дагы кароого даяр экенин белгиледи.
“Биз патенттик системага кайтууга жана объекттин жайгашкан жеринин экономикалык рентабелдүүлүгүн эске алуу менен акылга сыярлык чектерде патенттин баасын көзөмөлдөөгө даярбыз. Башкача айтканда, реалдуу кирешени, объекттин мүмкүнчүлүктөрүн эске алып, ошонун негизинде патент колдонобуз”, - деди ал.
Ошондой эле ал фискалдаштыруу жана санариптештирүү товарлардын кыймылын жана аларды эсепке алуу системасына ээ болуу үчүн киргизилип жатканын белгиледи. Ошол эле учурда биз диалогго даярбыз жана биргелешип өз ара пайдалуу макулдашылган чечимди издейбиз. Ишкерлерден жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлдү, биз бизнестин ар кандай критерийлеринин жана категорияларынын негизинде бардык варианттарды карап чыгабыз
Жапаров ККМны жайылтуу бир несе баскыч менен жүргүзүлө турганын белгиледи.
“Биз салыкчыларды окутабыз, зарыл болсо салык кызматынын курамын жаңылайбыз, бирок товарларды эсепке алуу системасы иштеши керек. Буга чейин ар бир аймактын санариптик картасы түзүлүп, бардык аймактардан түшкөн маалыматтар Кырдаалдык борборго чогултулуп жатат. Сатып алынган товарлар үчүн эсеп-фактураларды алуу маанилүү, эгерде сиз спирт ичимдиктерин, тамекилерди жана дары-дармектерди сатуу менен алектенсеңиз, акысыз кассалык аппараттарды орнотуңуз. Калган шарттарды ишкерлердин бардык топтору үчүн ийкемдүү жана ыңгайлуу кылабыз”,- деп билдирди министрлер кабинетинин башчысы.
“Кабар” МАБ
Пикир
Оставить комментарий