Планетада климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттеринен болгон кургакчылыктар, бороон-чапкындар, ысык толкундар, деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү, мөңгүлөрдүн эриши жана океандардын жылышы, адамдардын жашоо шартына зыян келтире баштады. Ошондой эле климаттын өзгөрүшү адамдарды жакырчылыкка алып келе турган жана алардын абалын жакшыртууга тоскоол болгон факторлорду күчөтүүдө.
Париж келишими боюнча бардык өлкөлөрдөн абага зыяндуу заттарды чыгарууну азайтуу жана климаттын өзгөрүшүнүн таасирине көнүү үчүн биргелешип иштөөнү талап кылган милдеттенмелер бүгүнкү күндө, тилекке каршы аткарылбай келет.
Так ушул көйгөй боюнча Садыр Жапаров БУУнун Алкактык Конвенциясынын 29-конференциясында климаттык каржылоонун жаңы жалпы максаттары боюнча чечим кабыл алууда - тийиштүү каржылоосуз көптөгөн долбоорлор кагаз жүзүндө гана каларын эске алуу зарылдыгын айтты.
Климаттын өзгөрүшү – бул айрым өлкөлөр үчүн гана эмес, бүткүл адамзаттын көйгөйү, ошондуктан натыйжаларга жетүү үчүн биз «ким? эмне? жана качан?» деген тапшырмалардан баш тартып, биргеликте иштешибиз керек деген ойду Кыргызстандын президенти Бакудагы саммиттин катышуучуларына да жеткирди.
“Глобалдык климаттын өзгөрүшү тездеп бара жаткан шартта, Париж келишиминин максаттарына жетүү үчүн климаттык иш-чараларды координацияланган, жеткиликтүү каржылоо маселесин талкуулап, бир пикирге келүүгө тийишпиз. Биз климаттын өзгөрүүсүнө каршы чараларды каржылоо боюнча жаңы жамааттык максатты тез арада кабыл алууну колдойбуз жана өнүккөн өлкөлөрдү, өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге берген жардамды эки триллион АКШ долларына чейин жеткирүүгө жана бул каражаттарды алуу жолдорун жеңилдетүүгө чакырабыз.
Кыргызстан өз тарабынан климаттык жана туруктуу өнүгүү долбоорлоруна тышкы карызды алмаштыруу механизмин демилгеледи. Биз мамлекеттик тышкы карызды конкреттүү жашыл долбоорлорго алмаштыруу аркылуу реструктуризациялоону сунуштайбыз, анын ичинде Кыргызстанда түзүлүп жаткан Климаттык трасттык фонддун механизмин пайдалануу менен экология жана туруктуу тоо өнүгүүсү тармагындагы долбоорлор каржыланат. Бул фонддун ишмердүүлүгүнө кызыкдар өлкөлөрдү катышууга чакырам”. - деди Садыр Жапаров.
Ал ошондой эле "жашыл" долбоорлордун ордуна Кыргызстандын тышкы карыздарын кечкен Түркия менен Германияга ыраазычылык билдирди.
Эксперттердин айтымында, “жашыл күн тартиби” жакыр мамлекеттер үчүн “карыз капканына” айланбашы керек. Жылуулук өндүрүүнү токтотуу өнөр жайга жана экономикага зыян келтирбестен бир калыпта өтүшү керек, калктын абалынын начарлашына жана жашоо деңгээлинин төмөндөшүнө жол берилбеши керек.
Экологияга өзгөчө көңүл бурган тармак боюнча иштеген аналитик Бактыбек Саипбаев Түркиянын глобалдык климаттык өзгөрүү коркунучун азайтууга конкреттүү кадам таштаганына көңүл бурат.
«Чындыгында Түркия дүйнөнүн өлкөлөрүнө, биринчи кезекте өнүккөн өлкөлөргө үлгү көрсөтүп жатат деп айта алабыз. Климаттын өзгөрүшү жөнүндө сөз кылуу жана көмүртектин нейтралитетине умтулуу керектиги жөнүндө сүйлөшүү менен гана көйгөйлөр чечилбейт.
Экономикалык кыйынчылыкты башынан өткөргөн өлкөлөргө аткарууга мүмкүн эмес талаптарды коюунун ордуна, жардам бериш керек. Эгерде аларга газ менен көмүрдү колдонууга тыюу салса, алардын экономикасы нөлгө түшүп кетет. Таза экологияда, бирок жумуштун жоктугунан жана товарлардын тартыштыгынан элдер жапа чегишет. Түркия бул жагынан конструктивдүү жана оң салмактуу мамилени көрсөттү. Тез өзгөрүп жаткан дүйнөдө бул сигнал көптөгөн оюнчулар үчүн өзгөчө мааниге ээ. Өнөктөшөрдүн үстүнөн үстөмдүк кылуу мүмкүн эместигин, андай мамиле туңгуюкка алып келерин, жардам берип гана эки тарапка пайдалуу чечимдерди издешибиз керек,” – дейт Бактыбек Саипбаев.
Кыргызстандын президенти ошондой эле эл аралык климаттык каржылоону бөлүштүрүү эмиссиянын деңгээлине жана өлкөлөрдүн экономикалык өнүгүү деңгээлине негизделиши керектигине көңүл бурду. Бул жагынан алганда, аялуу өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө колдоо көрсөтүү үчүн жоопкерчилик бул глобалдык эмиссияларды эң көп өндүргөн мамлекеттерге жүктөлүшү керек.
Өз кезегинде Кыргызстан “жашыл күн тартибине” берилгендигин сактайт жана мүмкүн болушунча көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырууда.
“Бул контекстте энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча ишке ашырылып жаткан долбоорлорду белгилеп кетким келет. Мисалы, коңшу өлкөлөр менен биргеликте аймактагы эң ири гидроэлектростанциялардын бири болгон Камбар-Ата 1 ГЭСин куруу боюнча долбоор ишке ашырыла баштады. 2023-жылы Кыргызстанда 10 чакан ГЭС ишке киргизилди. Ушул жылы дагы 15 чакан ГЭС куруу, ошондой эле жалпы кубаттуулугу 400 МВттан ашкан күн электростанциялары боюнча долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда.
Климаттын өзгөрүшү шартында суу ресурстарын натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу маселелери өзгөчө актуалдуу болуп жатат. Ушуга байланыштуу өнүгүү боюнча өнөктөштөрүбүздү энергияны жана ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды ишке киргизүү боюнча Регионалдык борборду Бишкек шаарында түзүү демилгесин колдоого чакырабыз,”- деди Садыр Жапаров.
Эксперт Бактыбек Саипбаев баса белгилегендей, бай өлкөлөр өз көйгөйлөрүн өздөрү чече элек кезде, кедей-кембагалдарды кулчулукка айландыруунун кереги жок. Анын айтымында, Борбор Азиянын бардык мамлекеттерине глобалдык зыяндуу заттардын 1% гана туура келет. Бирок ошол эле учурда биздин тоолуу аймак климаттын өзгөрүү тобокелдигине көбүрөөк дуушар болот. Бул жерде абанын температурасы дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн тез көтөрүлүп, мөңгүлөр эрип, ысык толкундар жана кургакчылык тез-тез жана узакка созулуп жатат.
Кыргызстандын президенти Бакудагы саммитте тоолуу аймактардын климаттык өзгөрүүлөр алдында алсыз экенин да айтты. «Тоолуу аймактардагы жана экосистемалардагы процесстерге байланыштуу тоолордо гана эмес, ошондой эле төмөнкү аймактарда жашаган адамдардын жашоосу дагы көз каранды экендигине сиздердин көңүлүңүздөрдү бургум келет. Региондогу суу ресурстары климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу жылдан жылга азайып, суу-энергетикалык жана азык-түлүк коопсуздугуна жана жалпы эле бардык өлкөлөрдүн социалдык-экономикалык абалына терс таасирин тийгизүүдө.
Акыркы 70 жылда Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты 16%га кыскарды, ал эми айрым аймактарда дээрлик бардык мөңгүлөр жок болуп кеткен. 2100-жылга карата мөңгүлөрдүн жарымынан көбүн жоготуп алышыбыз мүмкүн”, - деп эскертти мамлекет башчы өз сөзүндө.
Кыргызстан, эгерде эл аралык донорлордон керектүү каржылык колдоо ала турган болсо, 2030-жылга чейин «жашыл күн тартибининин» эрежелерин сактап, республикадагы парник газдарын чыгарууну 16 пайызга кыскарта алат. Эл аралык донорлор финансалык жардам берсе, атмосферага зыяндуу газдарды чыгаруу 44 пайызга чейин кыскарат. Айырмасы байкаларлык жана акылга сыя турган чечимдер кабыл алынса, мындай максатка жетүүгө болот.
Бактыбек Мамбетов, Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттиги
Пикир
Оставить комментарий