• 87
  • 90.59
  • 0.87

ӨКМ аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек, 28.11.18. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Ага ылайык, 30-ноябрда күндүз жана 1-декабрда туруксуз аба-ырайы күтүлүп, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

1-декабрда көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундысына 4-9 метрден, айрым жерлерде 18-23 метрге чейин жетиши күтүлөт.

1-2-декабрда абанын температурасы кескин төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба-ырайы энергетика, коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Тоолуу райондордогу унаа жолдор тайгак, тоңголок болуп кар күрткүсү күтүлөт жана жаан жааган убакта унаа жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп унаалардын кыймылдоосун кыйындатат.

Эске сала кетсек, 29-ноябрдан башкап Бишкек-Ош унаа жолунун кээ бир чакырымдарында артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигинин болжолдоосуна ылайык, Бишкек-Ош (132-137, 198-265-чакырымдарында) унаа жолунда 2018-жылдын 29-ноябрынан 5-декабрына чейин артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн мажбурлап атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.

Ошого байланыштуу 2018-жылдын 27-ноябрында КРнын Жарандык коргонуунун башчысы премьер-министрдин №21 буйрутмасы чыккан.

Кар көчкүсүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чаралары жүрүп жаткан учурларда унаа жолунун мезгил-мезгили менен жабылышы кутүлөт.

Пикир

Оставить комментарий