ӨКМ ашууларга жааган кар боюнча маалымат таратты

Коом 0

Бишкек, 25.11.19. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министри 25-ноябрдагы өлкө боюнча негизги автоунаа жолдорундагы кардын бийиктиги боюнча маалымат таратты.

Бишкек-Ош автоунаа жолундагы 121-128 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу) ашуунун түндүк тарабында кардын орточо бийиктиги 10-35 см, түштүк тарабындагы 132-137 чакырымдарында 15-55 см түзөт. Жолдордун айрым жерлери тайгак жана муз тоңгон.

Өтмөк-Талас автоунаа жолундагы 0-14 чакырымдарындагы Өтмөк ашуусунда кардын орточо бийиктиги 8-37 см түзөт.

Бишкек-Ош автоунаа жолунун 198-246 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу жана Чычкан капчыгайы) жолдун айрым жерлеринде тайгак болуп муз тоңгон, кардын орточо бийиктиги 10-42 см түзөт.

Бишкек-Торугарт автоунаа жолундагы “Долон” ашуусунда кардын орточо бийиктиги 5-28 см түзөт. Учурда жол ачык.

Каракол-Эңгилчек автоунаа жолундагы 55-92 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кардын орточо бийиктиги 5-25 см, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңгон.

Барскоон-Ак-Шыйрак автоунаа жолунунун Сөөк ашуусунун 62-68 чакырымдарында кардын орточо бийиктиги 5-18 см, жолдор тайгак болуп муз тоңгон.

Түп-Кеген автоунаа жолунун 43-76 чакырымдарында кардын орточо бийиктиги 2-12 см түзөт.

Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолундагы 75-100 чакырымдарында (Чапчыма ашуусунда) кардын орточо бийиктиги 5-26 см түзөт.

Пикир

Оставить комментарий