• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Райымбек Матраимов УКМКга чакыртылышы мүмкүн – Коопсуздук кеңешинин катчысы

Коом 0

Бишкек, 25.11.19. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов журналисттер тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөгө байланыштуу түзүлгөн атайын ведомство аралык ыкчам топ жүргүзүп жаткан сотко чейинки иш-чарага чакыртылышы мүмкүн. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди.

Журналисттер учурда Матраимов кайда экендигине кызыгышты, анткени, мурда депутат Ирина Карамушкина анын Кыргызстандан чыгып кеткендигин айтып чыккан болчу.

«Матраимов расмий издөөдө эмес. Ошондуктан, биз ага көз салбайбыз. Менин билишимче, Матраимов Кыргызстандын аймагында эле», - деди ал.

Дамир Сагынбаевдин айтымына караганда, иштин материалдары УКМКга өткөрүлүп берилген. Ошондуктан да Матраимов сотко чейинки иш-чаранын алкагында журналисттердин материалдарына карата өз жүйөөсүн келтирүү үчүн келиши мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий