• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

ЮНИСЕФ Кыргызстандагы мектептерди санитардык-гигиеналык каражаттар менен камсыздоодо

Коом 0

Бишкек, 05.04.24. /Кабар/. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы мектептерди 16 млн сомдук санитардык-гигиеналык шаймандар менен камсыз кылууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2024-жылдын март айында ЮНИСЕФ 460 мектепке санитардык-гигиеналык каражаттарды жеткирип жатат. Алардын арасында айнек жана пол тазалоочу буюмдар, кир жуугуч жана кол жуугуч самын, чака, швабра жана башка шаймандар бар. Продукциянын жалпы баасы 16 миллион сомдон ашты ($186 400). Шаймандар Япония өкмөтү тарабынан колдоого алынган долбоордун алкагында сатылып алынган.

Мектептер Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашуу боюнча тандалып алынган.

"Балдардын ден соолугун камсыз кылуунун эң натыйжалуу жолдорунун бири гигиенаны сактоо болуп саналат. Өзгөчө мектептер сыяктуу коомдук жайларда. Биз Япониянын өкмөтүнө бул демилгени колдогону үчүн ыраазычылык билдиребиз. ЮНИСЕФ санитардык гигиенаны жакшыртуу боюнча мектептер менен иштешүүнү улантат", - деп белгиледи ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристина Бруджиоло.

2022-жылдан бери ЮНИСЕФ Япония өкмөтүнүн колдоосу менен 52 млн сомдон ашык баадагы 460 мектепке санитардык каражаттарды сатып алып, таратты. Бул мектептер электр кол кургаткычтар менен да жабдылган.

Пикир

Оставить комментарий