• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

12 жылдык билим берүү. Жумушчу топ концепцияны жана жол картасын иштеп чыгууда

Билим 0

Бишкек, 05.04.24. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстанда 12 жылдык жалпы орто билим берүү концепциясын жана жол картасын иштеп жаткан жумушчу топтун жыйыны өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Жыйынга билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева катышып, жумушчу топко КРнын мектептик билим берүүнүн 12 жылдык түзүмүн этап-этабы менен киргизүү боюнча иш-аракеттер планын жана башка өлкөлөрдүн тажрыйбасынын негизинде жалпы билим берүүнүн 12 жылдык мектеп системасына өтүүнү негиздеген маалыматтарды даярдоону тапшырды.

Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жылдын 1-апрелинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы №99-т тескемесин аткаруу жана атаандаштыкка жөндөмдүү жаштарды даярдоого, дүйнөлүк билим берүү мейкиндигинде интеграциялоого багытталган мектептик билим берүүнүн мазмунун жаңыртуу, анын түзүмүн өркүндөтүү максатында “Жумушчу топ түзүү жөнүндө” №503\1 буйругу чыккан.

Буйрукка ылайык атайын жумушчу топ түзүлүп, анын курамына окумуштуулар, илимий кызматкерлер, тажрыйбалуу практик педагогдор жана билим берүү тармагындагы эксперттер кирген.

Жумушчу топ Кыргызстанда 12 жылдык жалпы орто билим берүү концепциясын жана жол картасын иштеп чыгып, министрлер кабинетине сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий