• 87
  • 90.41
  • 0.84

ӨКМ: Бүгүн абанын температурасы кескин төмөндөйт

Коом 0

Бишкек, 06.11.19. /Кабар/. Бүгүн, 6-ноябрда абанын температурасы кескин төмөндөйт, - деп билдирет КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 1…6° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…5°, күндүз 7…12° жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 2…7° жылуу, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз -1 сууктан…+4° жылуулукка чейин, тоолуу райондордо түнкүсүн -4…-9°, күндүз 0…-5° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -10…-15°, күндүз -1…-6° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы керек.

Пикир

Оставить комментарий