• 87
  • 90.41
  • 0.84

ӨКМ башчысы Ысык-Көл облусунда сел жүргөн айылдардын жашоочуларынан кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 08.08.23. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев сел жүргөн Түп районунун Талды-Суу, Корумду, Көөчү айылдарынын жашоочуларынан кабар алып, кесепеттерин жоюу иштеринин аткарылышын көзөмөлдөдү.

Маалыматка ылайык, селдин кесепетинен түзүлгөн кырдаалды тактоо, адамдардын өмүрүн сактоо жана авариялык куткаруу жана башка кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу максатында аталган айылдарда "өзгөчө кырдаал" режими киргизилди.

"Бул айылдарда сел суулары жалпысынан 92 турак үйдүн короосун, жертөлөсүн жана ички чарбалык жолдорун, айдоо талааларын каптаган", - деп айтылат маалыматта.

Бүгүн, эртең менен табигый кырсыктын кесепеттерин жоюга 249 адам тартылган, анын 103ү куткаруучулар. Таң эрте куткаруучулар 5 топко бөлүнүп иштешүүдө. Учурда Жарандык коргонуу комиссиясы материалдык чыгымдарды, зыян тарткан үйлөрдү тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий