• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Ош шаардык ооруканасына жеке ишкер 6 даана кычкылтек концентраторун алып берди

Аймак 0

Бишкек, 29.07.20. /Кабар/. Ош шаардык ооруканасына жеке ишкер 6 даана кычкылтек концентраторун алып берди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шаардаы жеке ишкер Тимур Калилов кесиптештери менен биргеликте 6 даана кычкылтек концентраторун жана 150 даана атайын медициналык беткаптарды алып беришкен, алар Ош шаардык ооруканасына жеткирилген.

Мындан тышкары, короновирусту алдын алуу багытында ачылган Ош шаарынын мэриясынын атайын эсебине Ак-Тилек муниципалдык аймактык башкармалыгынын тургундарынын атынан акча каражаты которулду. Ош шаарынын вице-мэри Эмил Шадыханов жалпы МАБдын тургундарынын кайдыгер карабай, жардамга кол сунуп жаткандыгына ыраазычылыгын айтты.

Пикир

Оставить комментарий