• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Аксыда 225 окуучуга ылайыкташкан жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 18.10.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кара-Суу айыл өкмөтүндө жаңы салынган 225 окуучуга ылайыкташкан билим уясы окуучуларга эшигин ачты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган айыл өкмөткө караштуу Жеңижок атындагы №9 жалпы орто билим берүүчү мектептин ачылышына арналган салтанаттуу иш-чарага өлкөнүн билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев, министрликтин статс-катчысы Калысбек Шадыхановдор катышты.

Министр мектеп жамаатын жана окуучуларды жаңы мектептин ачылышы менен куттуктап, жаңы мектеп жаш муундарга татыктуу тарбия, терең билим берген куттуу жайга айланышына тилектештигин билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө министр баштаган жетекчилер жаңы имарат менен кеңири таанышып чыгышты.

Белгилей кетсек, жаңы салынган эки кабаттуу типтүү мектептин курулушу Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланды. Курулуш иштери 2019-жылы мартта башталып, ушул жылдын октябрында аяктады. Бул милдетти “ПГС-ВЕК” ЖЧК курулуш компаниясы жүзөгө ашырды.

Ушул тапта мектепте 465 окуучу билим алууда.

Кошумчалай кетсек, алдын ала маалыматка ылайык, Сауд өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен республика боюнча 27 мектептин курулушу каржыланууда. Анын ичинен беш мектептин курулуш иштери толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.

Алар: Ош облусунун Араван районундагы 225 окуучу орунга ылайыкташкан А. Тургунов атындагы №23 орто мектептин имараты, Кара-Суу районундагы 225 окуучу орунга ылайыкташкан №42 Маданият орто мектебинин имараты, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы 225 окуучу орунга ылайыкташкан Ы. Чынгылов атындагы орто мектептин окуу корпусу, Нарын облусунун Кочкор районунун Бугу айылындагы 150 окуучу орунга ылайыкташкан орто мектептин имараты.

Пикир

Оставить комментарий