• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

ӨКМ мамлекеттик кызматкерлерди жарандык коргонуу боюнча окутат

Коом 0

Бишкек, 18.12.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мамлекеттик кызматкерлерди жарандык коргонуу боюнча окутат. Бул тууралуу Жарандык коргонуунун 2025-жылга карата даярдык планынын долбоору талкууланганда айтылды.

Ведомстводон маалымдашкандай, Жарандык коргонуунун башчысы Алмазбек Асановдун жетекчилиги алдында өткөн жыйынга мамлекеттик мекемелердин, күч түзүмдөрүнүн жана министрликтердин жарандык коргонуу кызматтарынын өкүлдөрү катышты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Окуу-изилдөө борборунун окуу-методикалык башкармалыгынын башчысы Алмаз Рыскелдиев белгилегендей, мамлекеттик органдардын кызматкерлеринен тартып, айыл тургундарына чейин жарандык коргонуу боюнча окуулардан өтөт. Усулдук окуулар борбордун адистери тарабынан уюштурулат.

Мамлекеттик кызматкерлер жана жетекчилер атайын категория боюнча кат жүзүндө чакыртылып окутулат. Алар билимин тастыктаган сертификатка ээ болуп, өзүнүн алдындагы кызматкерлерине сабак берүүгө укук алат. Мындан тышкары кызыккан тараптар coe.mes.gov.kg парталынан дагы онлайн билим алса болот.

Пикир

Оставить комментарий