• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Кыргыз сомунун 30 жылдыгына карата почта маркасы чыгарылат. Эскизин даярдоого сынак жарыяланды

Коом 0

Бишкек, 03.04.23. /Кабар/. Кыргыз сомунун 30 жылдыгына карата почта маркасы чыгарылат. Логотиптин эскизин даярдоо боюнча республикалык сынак жарыяланды. Сынакты Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Кыргыз почтасы" ААКсы менен биргеликте өткөрүүдө.

Маданият министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, сынак ушул жылдын 23-апрелине чейин жүргүзүлөт. Аягында ачык акционердик коомунун көркөм кеңеши тарабынан талапка ылайык, мыкты делген үч эскиз тандалып алынып, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык ыйгарылат. Сынакка катышуучулардын жаш курагы чектелбейт.

Сынакты өткөрүүдөгү негизги талаптар:

– Иштин мазмуну сынактын темасына шайкеш келиши;

– Ой жүгүртүүнүн артыкчылыктуулугу жана аткаруунун эстетикасы;

– Жумуш техникасы-эскиздер каалаган материал менен жана каалаган техникада жаcоого болот.

Автор жөнүндө кыскача маалымат менен коштолууга тийиш.

– Сүрөттүн темасы, аталышы;

– Сүрөттүн авторунун фамилиясы, аты, атасынын аты;

– Байланыш телефону;

– Электрондук дареги.

Сынактын катышуучусу жөнүндө кыскача маалымат жана эскизди төмөндөгү электрондук дарекке жөнөтүүгө болот: info@kyrgyzpost.kg же болбосо: Бишкек ш., Чүй көч., 227 дарегине алып келип тапшырууга болот.

Пикир

Оставить комментарий